Жашагыңды келтирет! Футбол чемпионатында күйөрмандык кылган сулуулар

Sputnik

Биринчиликке дүйнө жүзүнөн эки миллионго чукул күйөрман келди. Алардын арасында футболду сүйгөн, командасы үчүн жан үрөгөн бийкечтер бар.

1 / 18
Россияда биринчи жолу футбол боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө. Сүрөттө: Сочидеги "Фишт" стадионунун жанында турган күйөрман кыз
2 / 18
Оюндар Россиянын 11 шаарындагы 12 стадиондо өтүүдө. Сүрөттө: Аргентина менен Исландиянын беттешүүсү алдында командасын сүрөөнгө алган аргентиналык бийкеч
3 / 18
Россиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча биринчиликти көргөнү 2 миллионго чукул футбол ышкыбоздору келген. Сүрөттө: португалиялык күйөрман кыз
4 / 18
Чемпионаттын тарыхында сегиз өлкө гана мыкты аталган. Акыркы ирет Германия чемпион болгон. Сүрөттө: Испаниядан келген күйөрмандар
5 / 18
Россиялык күйөрман бийкечтер Сауд Аравия менен болгон оюнда өзгөчөлөнө алышты. Керек болсо британиялык ЖМКлар да эки мамлекеттин бийкечтеринин ортосундагы "укмуштуудай айырмачылыкты" белгилешкен
6 / 18
Испаниялык футболчулар 2010-жылы Нидерландыны 1:0 эсебинде утуп, чемпион болушкан.
7 / 18
Бул чемпионатта биринчи жолу калыстар үчүн видеожардам системасы (VAR) иштеди. Сүрөттө: Франция менен Австралиянын беттеши алдындагы күйөрман кыз
8 / 18
Саудараваиялык кыз-келиндерге 2018-жылдын январь айында гана биринчи жолу стадиондон футбол оюнун көрүүгө уруксат берилген. Россиялык футболчулар 14-июнь күнү Сауд Аравиясын 5:0 эсеби менен утту
9 / 18
Франциянын курама командасы Австралияны 2:0 эсебинде утуп алды. Эми француздар Перунун футболчулары менен беттешмекчи
10 / 18
Португалия менен Испаниянын Сочиде өткөн оюну 3:3 эсеби менен жыйынтыкталды. Сүрөттө: оюн алдындагы күйөрмандар
11 / 18
Португалия командасынын капитаны Криштиану Роналду испаниялыктар менен болгон оюндун жыйынтыгын акыйкаттуу деп атады. Сүрөттө: чемпионаттын символу Забивака аттуу карышкыр менен Португалияга жан үрөгөн кыз
12 / 18
ФИФА президенти Жанни Инфантино чемпионат учурундагы коопсуздук чараларына жогорку баасын берди. Сүрөттө: Панама желегин көтөргөн күйөрман бийкеч
13 / 18
"Санкт-Петербург" аренасы үчүн рекорд жараткан Марокко — Иран беттешине 62 миң көрөрман келген. Сүрөттө: россиялык күйөрман кыз
14 / 18
Ирандыктар атаандашын 1:0 эсебинде утуп алды
15 / 18
Португалия — Испания оюнунда Криштиану Роналду мыкты оюнчу аталды. Сүрөттө: Португалиянын күйөрмандары
16 / 18
Сауд Аравия кийинки беттешин 20-июнда Уругвай командасы мнеен Ростов-на-Дону шаарында өткөрөт. Сүрөттө: Сауд Аравиянын күйөрман кызы
17 / 18
Франциянын экс-президенти Николя Саркози чемпионаттагы маанайды фантастикалык деп атады. Сүрөттө: Франция менен Испания оюнунун алдындагы күйөрмандар
18 / 18
Чемпионаттын жеңүүчүсү 15-июль күнү Москвадагы "Лужники" стадионунда аныкталат. Сүрөттө: Испаниянын күйөрман кызы