Кайсы күндөрү жаан жаайт? Бир жумага карата аба ырайы

Апта ичи күн күркүрөп жаанчыл болгону менен көпчүлүк аймактарда абанын температурасы 30 градустан жогору болуп, кайра жума соңунда төмөндөйт.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Кыргызгидромет бир жумага карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайынын божомолун таратты.

Маалыматка караганда, апта ичи күн күркүрөп, жамгыр жааганы менен көпчүлүк аймактарда абанын температурасы 30 градустан жогору болот.

Ысык-Көлдө тыйын чычкандар көбөйгөндүктөн токойлор азайып жатат
18-июнда көпчүлүк аймактарда күн ачык болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында абанын температурасы 35 градуска жетсе, Чүй менен Таласта 29…34 градус ысык болот. Нарын жана Ысык-Көл облустарында 22…27 градуска жылыйт.

19-20-июнь күндөрү Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүйдө 29…34 градуска чейин ысыйт. Нарын менен Ысык-Көлдө 23…28 градус нөлдөн жогору болуп, Таласта 27…32ге чейин жетип, күндүн көзү бузулат.

21-22-июндарда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт Башкы күндөргө салыштырмалуу абанын температурасы төмөндөп Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 26…31 градус, Чүй менен Таласта 24…29 градус ысык болушу божомолдонууда. Нарын менен Ысык-Көлдө 18…23 градуска чейин салкындайт.