Ысык-Көл, 15-июн. — Sputnik. Өлкөдөгү ЖМК өкүлдөрү Ысык-Көл облусуна келип, мындан бир нече жыл мурда Бириккен Улуттар Уюмунун "Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк жана айыл чарбасы", "Өнүгүү", "Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк" программалары менен бирге жүргүзүлгөн долбоорлордун жыйынтыгы менен таанышты.
Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо жана биотүрдүүлүк күнүнө арналып уюшулган бул медиа-тур дүйнө жүзүндөгү коомчулуктун көңүлүн жер жүзүнөн флора менен фаунанын жоголуп баратышына буруу максатында уюштурулду.
Алгач журналисттер Ак-Суу райондук токой чарбасында болуп, экскурсия жасашты. Мында алар 2008-2010-жылдары аталган долбоорлордун алкагында отургузулган көчөттөрдү көрүп, токой чарбасынын кызматкерлери менен карагайлардын көчөтүн олтургузуу боюнча мастер-класс өтүштү.
"Биз Бириккен Улуттар Уюму менен бир нече долбоорлорду ишке ашырганбыз. Анда питомниктерди өнүктүрүү, көчөттөрдү көбөйтүү, кеңейтүү иштери жасалган. Бул долбоорлор "Эмгек үчүн азык түлүк" жана башка долбоорунун алкагында ишке ашып, жакыр үй-бүлө өкүлдөрү жумушка тартылган. Мындан сырткары, Түп жана Жети-Өгүз райондорундагы токой чарбасында дагы иш алып барылган. Токойчулардын кызматтык үйлөрү заманбап материалдар менен жылууланып, энергоэффективдүү мештер курулуп берилген", — деди долбоор менен иштеген Айша Уметалиева.
Ак-Суу райондук токой-тажрыйба чарбасынын ага лаборанты Александр Водолазский бул токой чарбасы тууралуу журналисттерге кененирээк маалымат берди.
Анын айтымында, башка аймактардан көчүрүлүп келген дарактарга бул жердеги экологиялык шарттардын тийгизген таасирин изилдөө максатында 1949-жылы түптөлгөн. Өсүмдүктөрдү интродукциялоо иштери 40 жыл аралыгында жүргүзүлүп келет.
Учурда парк 1539 гектар жерди ээлеп, анын аймагында ар кандай географиялык шарттарда өскөн 160 түр дарак жана бадалдын түрлөрү өсөт. Алардын басымдуу бөлүгү токой чарбаларында узакка созулган сыноолордон өтүп, Ысык-Көлдүн жээк зоналарын, ошондой эле Кыргызстандын шаарларын жашылдандыруу максатында колдонулат.
Лександр Водолазский журналисттерге токойлордун азайып баратышы мөңгүлөрдүн ээришине алып келип жатканын айтты. Анын билдирүүсүндө, токойлорду аеосуз кыюудан мөңгүлөр ээрип жатат. Ал эми, токойдун азаюусунун дагы бир себеби тыйын чычкандардын көбөйүүсүндө.
"1955-1956-жылдары бул өрөөнгө тыйын чычкандар алынып келген. Алар түшүмдүн 40 пайызын жок кылууда. Мындай учурда токойдун табигый жаңылануусу 40 пайызга кыскарат. Тыйын чычкандын көбөйүшү Кыргызстан токойчулугундагы эң башкы көйгөй. Экинчиден, карагайларды кыюуну токтотуу зарыл. Ага катуу тыюу салуу керек деп эсептейм. Токойдун кыйылышы менен жердеги ысык аба тоолорго муздабастан түз барып, мөңгүлөрдүн ээришине алып келүүдө", — деди ал.
Журналисттер Түп токой чарбасында да болушту.