Кыл чайнаш: Португалия менен Испания бири-бирин жеңе алган жок

Командалардын беттешүүсү Сочи шаарындагы “Фишт” стадионунда өттү.
Sputnik

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Португалия курама командасы менен Испания футболчулары Сочи шаарында өткөн беттешүүдө 3:3 эсеби менен тең чыкты. 

1 / 3
Португалия курама командасы менен Испания футболчулары Сочи шаарында өткөн беттешүүдө 3:3 эсеби менен тең чыкты
2 / 3
Португалия тараптан үч гол тең чабуулчу Криштиану Роналдуга таандык болсо, Испаиядан эки топту чабуулчу Диего Коста киргизди.
3 / 3
Дагы бир гол коргоочу Начо Фернандеске таандык

Португалия тараптан үч гол тең чабуулчу Криштиану Роналдуга таандык болсо, Испаиядан эки топту чабуулчу Диего Коста киргизди. Дагы бир гол коргоочу Начо Фернандеске таандык. 

Белгилей кетсек, Испания курама командасынын башкы машыктыруучусу Хулен Лопетеги чемпионат башталарына бир күн калганда кызматтан четтетилип, анын ордун команданын азыркы устаты Фернандо Йерро ээлеген.