Кыргызстандык модель Осмонов: азыр сени Instagram жок эч ким тоготпойт

Аскат Осмонов эч убакта модель болом деп ойлогон эмес. Анүстүнө спорт менен активдүү алектенип мелдештерден калбай, көчө таптап жүргөн жигит моделдерди "назик" деп анча жактырчу эмес. Бирок кийим дүкөнү үчүн түшүп берген сүрөтү анын жашоосун өзгөрткөн.
Sputnik

18 жаштагы Аскат Осмонов эки жылдан бери моделдик менен алектенет. Быйыл мырзалар арасында өткөн "Mister Universal Ambassador Kyrgyzstan — 2018" сынагын утуп, Балиде өтүүчү эл аралык "Mister Universal Ambassador — 2018" конкурсуна катышууга жолдомо алган. Ал эми май айында Кореяда өткөн "Face of Asia — 2018" сулуулар сынагында профессионалдуу 15 моделдин катарын толуктаган.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жаш моделди маекке чакырды. 

Победитель конкурса Mister Universal Ambassador Kyrgyzstan - 2018, модель Аскат Осмонов

— Аскат, алгач моделдикке кантип келип калганыңыз тууралуу баяндап берсеңиз?

— Бой жетип калганда ар бир эле бала иштеп үй-бүлөсүнө жардам бергиси келет. Жумуш издеп көп жакка бардым. Оңой эч нерсени тапкан жокмун. Бири ден соолукка зыян, дагы бири көңүлүңө төп келбейт. Досторум "моделдикке барып көрбөйсүңбү" деп калышты. Өзүм спорт менен активдүү машыгып, көчө таптап жүргөн жигит болгондуктан моделдерди "назик" деп анча жактырчу эмесмин. Ал ортодо эжем курбу кызынын кийим дүкөнүнө модель болуп беришимди суранып калды. Макулдугумду берип сүрөткө түштүм. Үч миң сом төлөп беришти. Карасам сүрөттөр жакшы болуптур. Анан моделдик иш жага баштады.

Карыбекова, Атантаева, Шакирова. КР сулуулары дүйнө сынактарынан эмне менен кайткан
Instagram баракчамды ачып байма-бай сүрөттөрдү жүктөп, киши топтоону максат кылдым. Азыркы заманда Instagram жок сени эч ким "тоготпойт" экен. Кайсыл жакка барба "канча катталуучуң бар?" деп сурашчу. Телефонум да эски эле, атам жаңысын алып бергенде араң 10 миң кишиге жеткирдим.

Катталуучуларым 23 миңге жеткенде ата-мекендик дизайнерлерден тарта россиялык чеберлердин көргөзмөлөрүнө чейин чыга баштадым. Кийин ал аккаунтумду сатып жибердим.

Ишим классташтарыма анча жаккан жок, көздүн кыйыгы менен карап өтүшчү. Себеби мен жылдыз оорусуна чалдыгып, бир аз көйрөң болуп калгам. Жакын досторум сын айткандан кийин жерге түштүм окшойт.

Быйыл Кыргызстанда өткөн "Mister Universal Ambassador Kyrgyzstan — 2018" сулуулар сынагында баш байгеге ээ болдум. Сынак ресторанда өткөн. Андай жаркыраган жактарды көрбөгөн жаным абдан толкундандым. Биринчи орунду алганыма эмес, эл көргөнүмө кубандым. Чындыгында атаандаштар күчтүү эле, жеңип алам деп ойлогон эмесмин. 

Победитель конкурса Mister Universal Ambassador Kyrgyzstan - 2018, модель Аскат Осмонов

— Жакында эле Түштүк Кореяда өткөн Face of Asia сынагында 15 профессионалдуу моделдин катарын толуктадыңыз. Мелдештин жүрүшү тууралуу айтып берсеңиз.

— Кореядагы конкурска катышуу үчүн Кыргызстанда сынак жарыяланып, өлкө атынан Яна Шевелина менен мени тандашты. Ири сынакта 30 мамлекеттен 100дөй модель катышты. Биринчи көргөзмөгө уюштуруучу тараптын формасын, экинчисинде улуттук кийимдерди, үчүнчүдө кече костюмун тартууладык. Натыйжада көп моделдин арасынан мекендешибиз Яра Шевелина мыкты 10, мен мыкты 15 моделдин катарына кирдим. Кээ бир өлкөлөр байгесиз кайтышты. Борбор Азия мамлекеттерининин ичинен да эч ким байгеге илинген жок. Анын үстүнө биз сынактын эң кенже катышуучулары болдук. Яна 17де болсо, мен 18ге жаңы толдум. Ийгилигиме азыр да толкунданам.

— Корея эмнеси менен эсте калды?

— Ал жакта 16 күн болдук. Кореяга жөнөп жатканда учакка биринчи жолу отурдум. Кыргызстандан башка өлкөгө чыга элек болчумун, керек болсо Бишкек менен Көлдөн алыска барган эмесмин.

Бул кыздардан модель чыкмак... Кыргыздын күчтүү жана ажарлуу спортчулары сүрөттө
Сеулга келгенде башка планетага түшүп калгандай эле болдум. Бийик-бийик имараттар менен кооз жана таза көчөлөр көзгө урунду. Түштө чыксаң шаар жымжырт, түнкүсүн кыймыл арбыйт. Көрсө эртели кечке улуу-кичүүсүнө карабай эмгектенишет экен. Тамактары да абдан жакты. Кийимдери сапаттуу жана арзан. Бир тобун сатып алдым.

Моделдер бири-бирине бут тосуп ыплас иштерге барат деп калышат. Биз тескерисинче достошуп, күйүмдүү болдук. "Менин кийимимди кийип чык" деп сумкасын көтөрүп келген катышуучулар болду.

Кыргызстан тууралуу көбү билбейт экен. Тоо деген сөздү түшүндүрө албай койдум. Бир дөң турган экен, айла жоктон "ушунун эң бийиги" деп түшүндүрүп бердим.

Бизге Кореянын эң керемет жерлерин көрсөтүп жүрүштү. А мен эмнегедир өлкөнүн карапайым, жай турмушун көргүм келди. Чындыгында эле кыйналып жашашат экен… Ири имараттын үстүнөн жыргал жашоо көрүнгөнү менен шаарды жакшылап араласаң баарына күбө болот экенсиң. Менин түшүнүгүмдө, Кореяда эл бай-кедей деп бөлүнүп, орто жашайт деген түшүнүк жок окшойт. Ошондон улам дагы өзүмдүн Кыргызстаным эле жакшы деген ойдо калдым.

Демөөрчү тарап белек көп берди. Кап-кап, мүшөк менен келгендей болдум. Көбүнчө жууна турчу жана боенуучу каражаттарды тартуулашты.

Кыргызстанга келгенде кызыктай эле болдум. Кореяны эмес, ошол чогулган коллектив менен өткөргөн күндөрдү сагындым. 

Победитель конкурса Mister Universal Ambassador Kyrgyzstan - 2018, модель Аскат Осмонов

— Модель болгондон кийин биринчи кезекте келбетке көңүл буруш керек. Сиз өзүңүздү кантип карайсыз?

— Кореяга барып келгенден кийин түздөнүп калдым. Өзүм спорттун таэквондо, дзюдо, самбо түрлөрү менен машыгып, чакан мелдештерге катышып жүрчүмүн. Азыр ден соолукка байланыштуу алектенбей элемин. Буура булчуңдарга басым жасабайм. Себеби моделдикте бир эле учурда чымыр денелүү жана жагымдуу көрүнүшүң керек. Боюм 189, салмагым 80 килограмм.

— Социалдык тармактарда сиз тууралуу жазган пикирлерди окуйсузбу?

— Көбү "эркек болгондон кийин моделдикти аркалабай эле койбойсуңбу" деген пикирлерди жазышат. Аларга кол шилтеп коем. Өзүмө сын айтса мейли, ата-энеме чейин асылганда кармана албай жооп жазып ием. Жакшы пикирлерди көз жаздымда калтырбайм. 

Победитель конкурса Mister Universal Ambassador Kyrgyzstan - 2018, модель Аскат Осмонов

— Таанышам деген кыздар көп болсо керек?

— Жүрөгүм бош. Бирок кат жазган кыздын баарына жооп узатпайм. Бир жолу жазышып койсоң мамилем бар деп айтышат экен.

— Моделдик чөйрөдө эркек балдар кызча кийинип көргөзмөгө чыккан учурлар бар. Сиз мындай нерсени кандай кабыл аласыз?

— Эркектер кыздарча кийинип көчөдө ыплас иштерди жасап жүргөн учурлар деле болуп жатпайбы, туурабы? Көргөзмөгө чыгып берген — жумуш. Бирок мен мындай сунуштан баш тартмакмын. Бизде бул өөн учурайт. 

Победитель конкурса Mister Universal Ambassador Kyrgyzstan - 2018, модель Аскат Осмонов

— Адатта сулуулук конкурстарына катышып, чырайлуу болуп жүргөндөрдүн жүзүнө эле асыла беришчү эле…

— "Эмне кыздан балага айланып алдың беле" деп көп сурашат. Анан "оозуңду чоңойттурдуң беле" дегенден тажашпайт — бардыгы өзүмдүкү.

— Негизи эле келишимдүү келбет менен канчалык деңгээлде каражат табуу мүмкүн экен?

— Учурда туруктуу бир моделдик агенттик менен келишим жок. Сунуштарга жараша кийим дүкөндөрүнө сүрөткө түшүп, мода көргөзмөлөрүнө чыгып турам. Катышкан сынактарыма да каражат алам. Менеджер катары жардам берген тааныштар бар. Тапканым өзүмө жетет. 

Победитель конкурса Mister Universal Ambassador Kyrgyzstan - 2018, модель Аскат Осмонов

— Жакындарыңыз моделдик ишиңизге кандай карайт, дегеле үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз?

— Ата-энем ишимди колдойт. Шаардын четиндеги Воронцовка айылында турабыз. Атам фермер болсо, апам тикмечи. Үйдүн улуусумун. Эки карындашым мектеп окуучусу. Модель десе эле койкоюп жүрөт деши мүмкүн. Үйдөн кадимкидей айылдын жумушун жасайм. Уйларды шыпылдата саап, короолорду тазалайм.

— Алдыда кандай пландар бар?

— Быйыл Индияда өтө турчу эл аралык "Mister Universal Ambassador — 2018" сынагына катышам. Келечекте дизайнер Долче Габаннанын мода көргөзмөсүндө баскым келет. Моделдик — мен үчүн хобби. Учурда жалпы республикалык тесттин жыйынтыгын күтүм жатам. Буйруса теле алып баруучу болоюн деген тилегим бар.