Индонезияда 8 кулач питон аялды жутуп алды

54 жаштагы Ва Тиба аттуу аял бейшемби күнү кечинде өз үйүнөн бир чакырым алыс жердеги көчөттөрдү карап коюу үчүн кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Индонезиядагы Сулавеси аралында сегиз метрлик питон аялды жутуп алганын Jakarta Post гезитине шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазды.

54 жаштагы Ва Тиба аттуу аял бейшемби күнү кечинде өз үйүнөн бир чакырым алыс жердеги көчөттөрдү карап коюу үчүн кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Аялды таң атканга чейин күткөн үй-бүлөсү жерге жарык түшөрү менен издеп жөнөшкөн. Бирок көчөттөр отургузулган жерге барган сиңдиси биртууганынын бут кийимин, фонарь жана жыландын изин гана тапкан.

"Аял ошол замат жергиликтүү тургундарга кайрылып, алар бир нече сааттын ичинде жыланды таап алышкан. Алар олжосун жутуп алгандан кийин кыймылдай албай жаткан питондун ичин жарып, аялдын сөөгүн алып чыгышты", — деп жазылат макалада.

Эске салсак, жыл башында Шри-Ланкада төрт метрлик жылан эликти жутуп алган.

Окуяны видеого туристтео тартып алышкан.