ИИМ: Сокулукта кылмышкерди качырып алган шалаакы милиционерлер жазаланды

ИИМ милдетин так аткарбаган, жогорку чеберчилигин көрсөтө албаган, колу таза эмес кызматкерлерден арылуу багытында иштер жүрүп жатканын жар салды.
Sputnik

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Баңгизат менен кармалган кылмышкерлерди качырып алган милиция кызматкерлери аныкталып, тиешелүү жазасын алды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай ИИМдин Бангизаттарды жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү тарабынан Сокулук районунда Ш.Ш. аттуу жарандан 404 грамм баңгизат табылган.

Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 247-беренеси (Баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү) менен иш козголуп, тиешелүү иликтөө, издөө иштери улантылган.

"Тергөө иш чараларынын жүрүшүндө түшкөн ыкчам маалыматтарга ылайык, Панфилов районунда катылган делген баңгизаттарды түн ичинде издөө учурунда, өзгөчө оор кылмышка шектелип жаткан Ш.Ш. аттуу жаран кайтаруу жакшы көзөмөлгө алынбаганын байкап, качып кеткен", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан улам окуяга тиешеси бар кызматкерлер жазаларын алганы айтылды.

РИИБде бычакталган кыз: президенттин сөзүнөн кийин жетекчилер иштен алынды
"ИИМдин Баңгизаттарды жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысына, Сокулук РИИБинин коомдук коопсуздук кызматынын нөөмөт бөлүмүнүн ага нөөмөт тескөөчүсүнө, Сокулук РИИБинин коомдук коопсуздук кызматынын башчысына, Сокулук РИИБинин коомдук коопсуздук кызматынын нөөмөт бөлүмүнүн имарат күзөтүү тобунун милиционерине сөгүш жарыяланды", — деп жазылат билдирүүдө.

Ошондой эле ИИМ милдетин так аткарбаган, жогорку чеберчилигин көрсөтө албаган, колу таза эмес кызматкерлерден арылуу багытында иштер жүрүп жатканын белгиледи.