Бишкекте кымыз фестивалы өтөт

Бул иш-чаранын алкагында улуттук кийим, тамак-аш жана кол өнөрчүлүк жарманкеси болот.
Sputnik

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Бишкекте 24-июнь күнү кымыз фестивалы өтөрүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментинен билдиришти.

Бишкекте "Мен көчмөнмүн" аттуу форум өтөт
Бул иш-чаранын алкагында улуттук кийим, тамак-аш жана кол өнөрчүлүк жарманкеси болот.

Ошондой эле фестиваль коноктору үчүн викториналар уюштурулмакчы. Ал эми кымыз өндүрүүчүлөрдүн продукциясынын өзгөчөлүгү жана сапатына жараша мыктысы аныкталып, сыйлыктар тапшырылат.

Уюштуруу тобунун айтымында, фестивалдын коноктору каалаган кымызынан ооз тие алышат.