Бишкекте унаа көп жүргөн жолдун кесилиши түнкүсүн жабылат. Себептери

Бир жума бою бул көчө сегиз саатка жабылып турат.
Sputnik

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Бишкектеги Чүй менен Жаш Гвардия бульварынын кесилиши кечинде жабылып турат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришкендей, 16-23-июнь аралыгында саат 22.00дөн 6.00гө чейин жолдун асфальты менен бордюрлар алмаштырылат.

Дагы кайсы көчөлөрдө ремонт жүрүп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.