Бишкек ТЭЦтин жанында бийиктиги беш кабаттуу үйгө жеткен суу атылды. Видео

Асманга атылган сууну күбө видеого тартып алган. Тийиштүү тараптар бул боюнча комментарий берди.
Sputnik

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Бишкек ТЭЦинин аймагында аргыштаган суу асманды көздөй фонтан сымал атылды. Бул тууралуу күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, алгач ал унаанын дөңгөлөгү жарылгандай үн уккан.

"Буу экен деп ойлогом. Бирок жакыныраак барганымда бийиктиги беш кабаттуу үйгө жеткидей суу атып жатыптыр. Акырындык менен басым төмөндөй баштады", — деди күбө.

Ош: Сулайман-Тоону жамгырлатып сугаруу үчүн 162 түтүк орнотулду
Окуянын видеосу социалдык тармакка жүктөлүп, саат 18.00дөр чамасында болгону айтылууда.

"Электр станциялары" ишканасынан маалымдашкандай, аталган аймактан "Бишкекжылуулук" борборунун түтүктөрү өтөт. Буга байланыштуу суроону ошолорго узатууна сунушташты.

Ал эми "Улуттук энергохолдингдин" маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева бул пландык иш-чара экенин билдирди. "Бишкекжылуулук" тармагы мындай жол менен түтүктөрдүн жогорку басымга чыдамдуулугун текшерип жатат.

"Кызматкерлер түтүктөрдө жараканын бар-жогун текшеришти. Бул башкарылуучу контролго алынган процесс. Эч кандай штаттан сырткары жагдайлар болгон жок", — деди Айдаралиева.

Учурда бардык тажрыйбалар токтотулду.