Узгенбаева Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине грэпплингдин эң кызыктуу жана үйрөнгөнгө оңой болгон ыкмаларын көрсөтүп берди. Спортчу кыздын мастер-класстагы өнөктөшү Азия чемпиону Манасбек Эркул уулу болду.
Грэпплинг — күрөштүн бир түрү. Башка спорттон айырмасы муунтуу, толгоо, кайруу ыкмалары колдонулат. АКШда негизделип, бизче "багындыруу" дегенди билдирет.
Барчынай Узгенбаева жакында эле WEF Global 12 турниринде өзбекстандык атаандашын колдуу кайруу ыкмасы менен жеңип алган болчу.