Мессинин жолу болбоду! Аргентина менен Исландия тең чыкты

Аргентинанын капитаны 11 метр аралыктан топ тээп, жеңиш алып келе турган голду киргизе албай калды.
Sputnik

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Россияда өтүп жаткан Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын D тобундагы Аргентина менен Исландия беттешип, 1:1 эсебинде тең чыкты.

Оюн Москва шаарындагы "Спартак" стадионунда ишемби күнү өттү. 

Футбол. ЧМ-2018. Матч Аргентина - Исландия

Биринчи таймда Аргентинанын оюнчусу Серхио Агуэро өзгөчөлөндү. Ал беттештин 19-мүнөтүндө гол киргизип эсепти ачты. Бирок бир аздан кийин эле исландиялык Альфрдеа Финнбогасона Аргентинанын дарбазасына топту киргизип жиберди. 

Футбол. ЧМ-2018. Матч Аргентина - Исландия

Экинчи таймда Аргентинанын футболчусу Лионель Мессинин тепкен пенальтиси ийгиликсиз болду — дарбазачы топту тосуп алды. Ошентип берилген убакыт да аяктап, эки команда тең чыкты.