БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков ЕЭК Кеңешинин жана КМШ Экономикалык кеңешинин Москва шаарындагы жыйындарына катышты. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
"Жыйындын жүрүшүндө ЕАЭБдин санариптик күн тартибин ишке ашыруу, өнүгүүдөгү жана аз өнүгүп жаткан өлкөлөрдөн товарлардын келип чыгышын аныктоо Эрежелерин бекитүү, ЕАЭБде лабораториялык практика системасын түзүү жана башкалар боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды", — деп айтылат маалыматта.
Жыйында КМШ өлкөлөрүнүн экономикасын өнүктүрүүнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө жана эконом класстагы турак жай рыногундагы атаандаштыктын абалына байланыштуу маселелер каралган.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча тараптар жети чечимге кол коюп, ошондой эле КМШ Экономикалык кеңешинин жети протоколдук чечими кабыл алынган.