111 жыл өтүптүр! Бир да мык кагылбай курулган Караколдогу ири мечит баяны. Сүрөттөр

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында кылымдап турган тарыхый бир нече диний жайлар бар. Алардын өзүнө тиешелүү тагдыры, таржымалы айтылып келет. Бул ирет ошондой жайлардын бири Каракол шаарындагы дунган мечити тууралуу сөз кылабыз.
Sputnik

XX кылымдын башында курулган бул мечит Орто Азиядагы белгилүү архитектуралык эстеликтердин бири. Ал уникалдуу оюп-кесүү системасынын негизинде бир да мык колдонулбай курулган.

Тарыхый маалыматтарда бул мечит ошол кезде Ибрагим Ажы аттуу адамдын демилгеси жана каржылоосу менен 1907-жылы салынганы айтылат. Кийин мезгилдин өтүшү бул жай анын ысымында аталып калды.

1 / 7
XX кылымдын башында курулган бул мечит Орто Азиядагы белгилүү архитектуралык эстеликтердин бири
2 / 7
Ал уникалдуу оюп-кесүү системасынын негизинде бир да мык колдонулбай курулган
3 / 7
Тарыхый маалыматтарда бул мечит ошол кезде Ибрагим Ажы аттуу адамдын демилгеси жана каржылоосу менен 1907-жылы салынганы айтылат
4 / 7
Кийин мезгилдин өтүшү бул жай анын ысымында аталып калды
5 / 7
Мечитти 1904-жылдан тарта курулуп, 1907-жылы бүткөрүлгөн
6 / 7
Аны курууга Тянь-Шань карагайлары, кара жыгач жана жергиликтүү терек, ал эми кооздоо үчүн жаңгак дарагы колдонулган
7 / 7
Мечит 42 тирөөч менен кармалып турат.

"Ал замандаш дунгандар арасында Маа-Хажы деп айтылган. Ал эми өзүнүн аты Ма-Ю-Тон болгон. Мечитти салдырыш үчүн Пекинден атактуу архитектор Чжоу-Сы жана колунан көөрү төгүлгөн 20 устаны чакырткан. Бул ишке көмөкчү усталар да салым кошкон", — деп айтып берди Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек Сагындыков.

Мечитти 1904-жылдан тарта курулуп, 1907-жылы бүткөрүлгөн. Аны курууга Тянь-Шань карагайлары, кара жыгач жана жергиликтүү терек, ал эми кооздоо үчүн жаңгак дарагы колдонулган.

Каракол калаасы 148 жашта. Мурдагы Пржевальск шаарынын архивдик сүрөттөрү
"Совет бийлигинин учурунда 1929-жылдан 1947-жылга чейин кампа болуп турган жай кийин кайрадан мечит катары пайдаланыла баштаган жана тарыхый музей катарында да катталган. Ошондуктан биздин мечитке дүйнөнүн көп өлкөлөрүнөн туристтер келет", — деп айтып берди Сагындыков.

Мечит 42 тирөөч менен кармалып турат. Көп кабаттуу чатырчалардын учунан ажыдаардын башы түшүрүлгөндүгүн көрүүгө болот. Андан кийин алмурут, жүзүм, өрүк жана башка жер-жемиштердин, гүлдөрдүн сүрөттөрү түшүрүлүп кооздолгон.