Муңайган, ой баскан Атамбаев. Экс-президенттин бүгүнкү сүрөттөрү

Участие экс-президента КР Алмазбека Атамбаева в айт-намазе в селе Арашан
Атамбаев айт намазын Арашан айылындагы мечитте окуду.
Sputnik

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев айт намазына Арашан айылындагы мечитте жыгылды. Бул тууралуу Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын маалымат кызматы билдирди.

Айт намазынан кийин Атамбаев айылдыктар менен жолугуп, андан кийин "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барып, 2010-жылы апрель окуяларында каза болгондорго куран түшүрүлдү.

Белгилей кетсек, быйыл орозо 17-майда башталып, 15-июнда Бишкек шаарынын эски аянтында майрамдык айт намазы окулду.