Трамп эмне үчүн Россияны G7 уюмуна кайтаруу керектигин түшүндүрдү

АКШ президенти өз пикирин Fox News каналына берген маегинде билдирген.
Sputnik

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. "Чоң жетиликтин" Канадада өткөн саммитинде талкуунун басымдуу бөлүгү Россияга арналды. Андыктан Москваны кошуп мурдагы форматка кайтып келүү керектигин АКШ президенти Дональд Трамп Fox News телеканалына курган маегинде айтканын РИА Новости агенттиги жазды.

"Биз убактыбыздын 25 пайызын Россия тууралуу талкууга короттук. Ошондуктан мен өзүмчө ойлонуп, эгер алар (Россия — ред.) бул жакта болгондо жакшы болмок экен дедим. Мен Россияны колдобойм. АКШ үчүн күйөм. Мына мисал айтайын, эгер Канададагы кечки тамакта Владимир Путин биз менен чогуу бир столдо отурганда мен андан дүйнө үчүн жана жеке өзү үчүн жакшы боло турган нерселерди жаса деп суранмакмын", — деди ал.

Трамп ошондой эле телефондон сүйлөшкөндөн көрө маңдай-тескей отуруп көрүшкөн жакшы экенин айтып, Россиянын G8 уюмунан чыгышына Барак Обаманын жоопкерчилиги жогору экенин кыйытты.

Трамптын демилгеси жана Россиянын жообу

"Чоң жетиликтин" чоңдорунун күлкү чакырган сүрөтү. РФ ТИМи пикирин билдирди
Владимир Путин Трамптын демилгесине комментарий берип жатып Россия "Чоң жетиликтин" курамынан чыкпаганын айтып, уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларын Москвада жолугууга чакырды.

"Кесиптештер учурунда Россияга келүүдөн баш тартышкан", — деген пикирин ал Кытайдагы маалымат жыйында билдирди.

Өз кезегинде РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров Россия эч качан G7 уюмуна кайтып келүүнү суранбаганын жана "Чоң жыйырмалыктын" келечектүү формат экенин айткан.

G8 форматы 1998-жылдан тарта уюшулган. 2014-жылы ал G7 болуп кыскарган. Уюмдун мүчөлөрү Крымдагы окуялардан улам Сочиде боло турчу саммитке келүүдөн баш тартып, Россиясыз Брюсселде чогулушкан.