БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Лос-Анжелестин прокуратурасы кызга асылды деп айыпталып жаткан Голливуд актеру Сильвестр Сталлоненин ишин карап жатат. Бул тууралуу Hollywood Reporter басылмасы жазды.
Прокуратуранын өкүлү Грег Рислингдин айтымында, иш 1986-жылы болгон окуянын негизинде козголгон.
Жабырлануучу былтыр күзүндө Санта-Моника шаарынын полициясына арыз жазып, Сталлоне менен жан сакчысы аны Лас-Вегастагы мейманканалардын биринде күч колдонуп зордуктаганын айткан. Ал учурда жабырлануучу 16 жашта болгон.
Окуя болгондон кийин актер менен жан сакчы кызды оозун жаап жүрүшү керектигин айтып, эгер кимдир бирөөгө айтса жок кылабыз деп коркутушкан. Анткени бул маалда алар үй-бүлөлүү болгон.
Кечээ шаардык сот ишти прокуратурага өткөрүп берди.