Радио

Өмүрбеков: окуучулар автокырсыкка көп кабылган убакыт — жай мезгили

Бишкек шаардык Тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери, профессор Талант Өмүрбеков ата-энелерди жай мезгилинде балдарга жакшылап көңүл бурууга чакырды.
Sputnik
Өмүрбеков: окуучулар автокырсыкка көп кабылган убакыт — жай мезгили

Окуучулар автокырсыкка көп кабылган убакыт — жай мезгили. Анткени балдар ээн-эркин калып, көчөгө көп чыгышат. Мындай пикирин Талант Өмүрбеков "Жайкы каникулда балдар коопсуздугу" темасынын алкагында Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, балдар арасындагы кырсыктын бардык түрлөрү жай мезгилинде көбөйөт. Бул алардын каникулга чыгышы менен байланыштуу.

"Балдар үчүн жайкы лагерлердин уюштурулушу абдан туура деп эсептейм. Анткени чондордун көзөмөлүндө болот. Ошого карабай шаарда бул учурда балдар арасындагы кырсыктар күчөйт. Буту-колун кокустатып алып, түрдүү предметтерди жутуп же химиялык заттардан жапа чегип кайрылышат. Ушуга байланыштуу биз жайында дарыгерлерибизди эмгек өргүүсүнө чыгарбайбыз ", — деди Өмүрбеков.

Ал ата-энелерди жайкы каникулда балдарын өзгөчө көзөмөлдөөсү керектигин кошумчалады.