Азык талашкан акулалар айыгыша кармашты. Видео

Ташталган жемге жакындаган жырткычка артынан экинчи акула келип кол салган.
Sputnik

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Австралиялык дайвер Адам Малски эки акуланын кармашын тартып, ал видео LADbible сайтына жайгаштырылган.

Окуяга күбө болгон адамдын айтымында, алгач ташталган жемге бир акула жакындап келген. Артынан экинчиси келип, ага кол салган. Чоңураагы жеңишке жеткени айтылып, каршылашынын өлүп калганы божомолдонууда.