БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов Ат-Башыга барып шамалдын кесепетинен бак басып ооруканада жаткан жубайлардан кабар алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, кырсык мындан бир жума мурда, 7-июнда, болгон. Кара-Суу айылында секундасына ылдамдыгы 16-18 метрге жеткен шамал болуп, анын айынан кечке маал уй сааганы чыккан Жумагул Абдырахманов менен Гүлбүбү Сыдыкованы бак басып калган.
"Кырсыктан үй ээсинин далысы, ал эми аялынын 12 кабыргасы сынып кеткен. Жабырлануучулар Ат-Башы райондук ооруканада дарыланып жатат. Кайыпов дарыгерлерге бейтаптардын ден соолугуна кам көрүп, дайым көзөмөлгө алуусун тапшырды. Жубайлардын тез сакайып кетишин тилек кылып, жардам катары 10 миң сом колдоруна берди", — деп айтылат маалыматта.