Бүгүн кан тапшырган донолордун күнүнө карата атайын акция өтөт

Кан тапшырууга катталуу саат 9:30да башталат.
Sputnik

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Бүгүн кан тапшырган донорлордун эл аралык күнүнө карата Бишкек шаарында "Башкалар туурасында ойло. Кан тапшыр. Жашоону улантууга салым кош" деп аталган иш-чара болот. Бул туурасында уюштуруучулар кабарлашты.

Чет өлкөгө баруунун кажети жок! Кыргызстандык дарыгерлер бөйрөк алмаштыра баштады
Иш-чара Бишкек шаарындагы "Чынар" дүр-дүйнө дүкөнүнүн 2-кабатында болот. Кан тапшырууга катталуу саат 9:30да башталат.

Ал жерге Саламаттык сактоо министрлигинин, Борбордук кан борборунун, Кыргызстандагы кызыл жарым ай уюмунун, ЖККУнун "Кант" аба базасынын, ЖМКлардын, бир катар жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү келет.

Кан куюу жана кан жашоосу кыл учунда турган жүздөгөн оорулардын өмүрүн сактап калат, андан ары жашоого мүмкүнчүлүк берет, үмүт арттырат.

Кандын кору өз ыктыяры менен байма-бай кан тапшырып турган донорлордун аракетинен улам толукталып турат.

"Мындай процесс үзгүлтүксүз болуп туруш үчүн коомго кан тапшырган донорлуктун маани-маңызы канчалык зор экендигин айтып, түшүндүрүп туруш керек", — деп айтылат маалыматта.

Акцияны Кызыл жарым ай коому Республикалык кан борбору менен биргелешип өткөрүүдө.