ОШ, 13-июн. – Sputnik. Ош облусундагы Мырза-Аке — Алайкуу унаа жолунун 40-чакырымында Audi 100 унааcы оодарылып кетип, анын кесепетинен айдоочу каза болду. Бул маалыматты облустук Жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.
Маалыматка ылайык, окуя 13-июнь күнү саат 14:00дөр чамасында катталган.
Маркум Кара-Кулжа районунун 1967-жылы туулган С.Т. аттуу жашоочусу экендиги аныкталды.
Кырсыкка кабылган унаадагы эки жүргүнчү Кара-Кулжа аймактык ооруканасына жеткирилди. Бул фактынын негизинде учурда кырсыктын келип чыгуу себептери райондук милиция кызматкерлери тарабынан териштирилип жатат.