Ноокат: "Йакын Инкар" тобунун төрт мүчөсү агымдан чыкканын расмий билдирди

Ош облусунда аталган агымдын 31 мүчөсү каттоого алынган.
Sputnik

ОШ, 13-июн. — Sputnik. Ноокат районунда "Йакын – Инкар" диний экстремисттик агымынын төрт мүчөсү алардын катарынан чыкканын расмий түрдө билдирди. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.

Ага ылайык, аталган агымдын мүчөлөрү мындай кадамга милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринен соң барган.

"Ош облусунун аймагында учурда бул агымдын 31 мүчөсү каттоого алынган, 2018-жылы акыркы 5 ай ичинде "Йакын – Инкар" агымынын 31 мүчөсүнө кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен 19 жаран шарттуу түрдө үч жылга эркинен ажыратылган. Ал эми калган 12 жарандын иши сотто каралууда", — деди Ашырбаев.

Ал ошондой эле 2017-жылдын 15-июнунда Бишкек шаарындагы Октябрь райондук сотунун чечими менен "Йакын – Инкар" агымы экстремисттик деп таанылып, өлкө аймагында ишмердүүлүгүнө, үгүттүк-пропагандалык материалдарын басууга, сактоого, ташууга жана таратууга тыюу салынганын кошумчалады.