Токмок шаарына жаратылыш газы берилди

2018-жылы Чүй облусу боюнча Арча-Бешик, Ак-Өргө, Ак-Ордо, Кара-Жыгач жаңы конуштарына, Токмок, Кант шаарларына жана Сокулук айылына газ алып келүү пландалган.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кечээ, 12-июнь күнү Токмок шаарына газ берилгендиги тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Сыдыков: кыргыз-кытай газ түтүгү Алай менен Чоң-Алайды бөлбөйт
Билдирмеге караганда, ушул тапта 5,3 миң адам көгүлтүр от менен камсыз болду.

Токмоктогу газ берүү боюнча иш-чарага катышкан "Газпром Кыргызстан" ишканасынын жетекчисинин орун басары Анатолий Гребенюк 2030-жылга чейин Кыргызстанда 400гө жакын адам жашаган аймак газ менен камсыз болорун айтты.

"Бүгүн мамлекеттик газдаштыруу программасынын алкагында Токмок шаарына көгүлтүр от берилип жатат. Бул жердеги газ түтүгүнүн узундугу 16,1 чакырымга жетип, 70 миллион сом сарпталды", — деди Гребенюк.

Белгилей кетсек, 2018-жылы Чүй облусу боюнча Арча-Бешик, Ак-Өргө, Ак-Ордо, Кара-Жыгач жаңы конуштарына, Токмок, Кант шаарларына жана Сокулук айылына газ алып келүү пландалган.