БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Кадыкеевдин каза болушуна Түркиянын ооруканасында кармаган жүрөк оорусу себеп болду. Бул туурасында ЖКдагы "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Алмазбек Эргешов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
"Кесиптешибиз Нурланбек Кадыкеевич түндө саат он бирлерге чукул Стамбулдагы ооруканалардын биринде жүрөгү кармап көз жуумптур. Сөөгү эртең Кыргызстанга алып келинет", — деди Эргешов.
Ал Кадыкеев жума күнү, 15-июнда, жерге берилерин кошумчалады.
Ал 2015-жылдын 4-октябрында "Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
Ага чейин 2005-жылдан 2010-жылга дейре "Манас" бажыканасынын начальниги болуп иштеген.
Маркумдун жардамчысы ал буга чейин Макеев деп аталган фамилиясын өз атасынын атына Кадыкеев деп өзгөрткөндүгүн айтты.