Миграция кызматын эми Болотбек Ибраимжанов жетектейт

Буга чейин аталган кызматты Медетбек Айдаралиев ээлеген.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчиси болуп Жогорку Кеңештеги "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Болотбек Ибраимжанов дайындалганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Өкмөт башчы дагы бир буйругу менен аталган кызматты буга чейин аркалап келген Медетбек Айдаралиевди иштен өз ыктыярынын негизинде бошоткон.

Ал жетекчилик кызматка 2016-жылдын аягында дайындалган.