Радио

Исаков: менингит оорусу ар 8-9 жылда кайталанып турат

Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын 3-бөлүмүнүн башчысы Канат Исаков менингит оорусу экиге бөлүнөрүн билдирди.
Sputnik
Исаков: менингит оорусу ар 8-9 жылда кайталанып турат

Менингит ар 8-9 жылда кайталанып турат. Муну сезондук көрүнүш деп коебуз. Бул тууралуу Канат Исаков 12-июнда Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкө аймагында оорунун курчушу акыркы жолу 2015-жылы катталган. Учурда эч кандай коркунуч жок.

"Менингит — мээнин жумшак чел кабыгынын сезгенүүсү. Биз менингит оорусун эки чоң топко бөлөбүз. Бул ириңдеп кетчү түрү жана ириңсиз менингит. Мындан сырткары, вирустардын жайланышы боюнча да эки топко бөлүнөт. Биринчиси жугуштуу менингит, ал аба, шилекей аркылуу чүчкүргөндө, жөтөлгөндө жугат. Аба аркылуу 2,5 метрден алыс аралыктан оору жугуу коркунучу жок. Экинчи топтогусу микробдор башка органда жайгашып, өтүшүп кетип менингитке айланган учуру. Мисалы гайморит, ангина дарттары да өтүшүп кеткен учурда менингитти пайда кылуусу мүмкүн", — деди Исаков.

Ал өздүк гигиенаны сактаган адам бул илдетти жуктуруп алуудан алыс болорун кошумчалады.