Радио

Мамбеталиева: Кыргызстанда учурда менингит оорусу жайылган жок

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин врач-эпидемиологу Айнура Мамбеталиева быйыл беш айдын жыйынтыгы боюнча өлкө аймагында 12 адам менингит оорусуна чалдыкканын айтты.
Sputnik
Мамбеталиева: Кыргызстанда учурда менингит оорусу жайылган жок

Кыргызстанда учурда менингит оорусу жайылган жок, абал туруктуу. Бул тууралуу Айнура Мамбеталиева 12-июнда Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, интернетте тарап жаткан ар кандай маалыматтар чындыкка дал келбейт.

"Былтыркы ушул учурга салыштырмалуу быйыл менингит оорусу 2,5 эсеге азайган. Жалпысынан 12 адам деп жатабыз. Бирок алардын жетөө менингококк вирусу менен келген түздөн-түз оорунун өзү менен эмес, башка оорулардын өтүшүп кетип менингитке айланган түрү менен ооруканага жаткырылган", — деди Мамбеталиева.

Ал менингит оорусу көбүнчө жаз, күз айларында катталарын кошумчалады.