Президент этникалык кыргыздарга жарандык берди

Жыл башында Кыргызстандын жарандыгына 1210 адам ээ болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Бул күндөрү Кыргызстандын жарандыгынан 423 адам чыгарылып, 342си кошулду. КР жарандыгын кабыл алуу жана чыгуу жөнүндөгү Жарлыктарга президент кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, кыргыз жарандыгын кабыл алган 342 адамдын көпчүлүгү Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн мурдагы жарандары. Алар тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

Эске салсак, жыл башында Кыргызстандын жарандыгы 1210 адам кабыл алган.