Ысык-Көл, 13-июн. — Sputnik. Каракол шаарында кыздарды зордоп ала качууга каршы акция уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы жеринен билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара ала качууга туш болуп, кийин милиция бөлүмүндө бычакталган Бурулай Турдалиеванын элесине арналып уюштурулган. Ага шаардагы жарандык коомдун өкүлдөрү жана жаш кыздар катышкан.
"Мамлекетибиздеги бардык жарандар сыяктуу эле бизди дагы Бурулайдын тагдыры кабатыр кылууда. Андыктан, коомчулуктун назарын ушул маселеге буруу максатында тынчтык жүрүшүнө чыктык. Кыздарды мажбурлап никеге тургузууга каршыбыз", — деди акциянын катышуучусу Замира Оторбаева.
Ал эми 18 жаштагы Динара Сеитова эгер аны кимдир бирөө ала качып кетсе, эч убакта макул болбостугун белгиледи.