ИИМ жол эрежесин бузгандарга салынчу максималдуу айыптын суммасын атады

Депутат мас абалында машина айдагандарга карата айып пулду көтөрүү керектигин сунуштаган.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Эл өкүлү Данияр Аттокуров (КСДП) Жогорку Кеңештеги "Өкмөттүк саат" маалында кандай эреже бузган айдоочуларга максималдуу айып салынарына кызыкты.

Ички иштер министрлигинин өкүлү мас абалында машина айдап жол кырсыгына кабылып, башка адамдын ден соолугуна залака келтиргендерге 20 миң сом айып салынарын айтып, бул максималдуу айып экенин белгиледи.

Аттокуров өз кезегинде мас абалында машина айдагандарга айыпты 100 миң сомдон баштоо керектигин айтып, башка мамлекеттердин мисалына токтолду.

"Казакстанда үч миң доллар, Россияда 100 миң рубль айып саланып, же үч жылга чейин эркинен ажыратылат экен", — деди депутат.

Эгер мас абалында машина айдагандарга 100 миң айып салынса, ичип алган киши рулга отурар алдында ойлонот деп кошумчалады.