Германияда "Жамиля" тасмасы немис тилинде көрсөтүлдү. Сүрөт

Тышкы иштер министрлиги тасма көрүүчүлөрдүн купулуна толгонун билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Германиянын Халла шаарында кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде тартылган "Жамиля" тасмасы немис тилинде көрсөтүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

1 / 3
Германиянын Халла шаарында кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде тартылган "Жамиля" тасмасы немис тилинде көрсөтүлдү
2 / 3
Тасма көрсөтүлөөр алдында жазуучу жана Айтматов таануучу, адабий сынчы Ирмтрауд Гучке кыскача тасманын мазмунун айтып берип, чогулгандардын суроосуна жооп берген
3 / 3
Көрүүчүлөр алдында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эринес Оторбаев дагы сөз сүйлөп, иш-чаранын катышуучуларына ыраазычылык билдирген. Ал ошондой эле Айтматовдун чыгармаларын дүйнө эли кызыгып окуй турганын белгилеп өткөн.

Тасма көрсөтүлөөр алдында жазуучу жана Айтматов таануучу, адабий сынчы Ирмтрауд Гучке кыскача тасманын мазмунун айтып берип, чогулгандардын суроосуна жооп берген.

Көрүүчүлөр алдында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эринес Оторбаев дагы сөз сүйлөп, иш-чаранын катышуучуларына ыраазычылык билдирген. Ал ошондой эле Айтматовдун чыгармаларын дүйнө эли кызыгып окуй турганын белгилеп өткөн.

"Кыргызстандын жаш мууну жазуучунун чыгармачылыгына чоң көңүл буруп жатканы кубандырат. Айтматовдун эмгектеринин тарбиялык мааниси зор", — деди дипломат.

ТИМ "Жамиля" тасмасы немис көрүүчүлөрүнүн жүрөгүнөн орун алганын кошумчалады.