Египеттен Аргентинага чейин. КР саясатчылары менен жылдыздар кимге жан үрөйт

Ушул тапта оюнчулардын дагы, футбол сүйүүчүлөрдүн дагы жүрөгү дүкүлдөп, саат санап жаткан кез. Анткени эртең футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталат.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Айрымдар жөн гана керемет оюн көргүсү келсе, айрымдар сүйүктүү командасынын жеңиши үчүн жаратканга жалынып жаткан мезгил.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги Кыргызстанда белгилүү инсандар кайсы өлкөнүн курама командасына жан үрөй турганын сураштырып көрдү.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев:

Премьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев

— бир эмес үч курама командага күйөрманмын. Алар: Германия, Түркия жана Россияныкы. Биринчи эки команданы мыкты оюн көрсөтө алгандыгы үчүн жактырсам, Россияны качандыр бир кезде бир мамлекетке киргендигибиз үчүн колдойм. Үчөөнүн тең оюндарын көрөм.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков:

VI Заседание Национального Совета по устойчивому развитию КР

— кайсы команданын күйөрманы экенимди жар салгым келбейт. Бардык командалардан бүйүр кызыткан оюн күтөм. Алардын ар бири мактоого татыктуу.

ЖКдагы "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов:

Депутат ЖК Жыргалбек Турускулов

— бул жолу дүйнө биринчилигинде мен күйөрман болгон команда жок.

ЖКдагы КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов:

Право на формирование коалиции большинства

— атактуу Лионель Месси үчүн Аргентина курама командасына күйөрмандык кылам.

ЖКдагы "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев:

Депутат Жогорку Кенеша Бакыт Торобаев

— менин фаворитим Египеттин курама командасы. Анын чабуулчусу Мухаммед Салахтын ойногону абдан жагат.

Экономика министри Олег Панкратов:

Заседание премьер-министров стран Евразийского экономического союза в Бишкеке

— көптөн бери Бразилиянын курама командасын жактырып жүрөм. Анда ар дайым эң мыкты оюнчулар ойнойт.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов:

Министр транспорта и дорог КР Жамшитбек Калилов

— мен Россия курама командасынын күйөрманымын. Кантсе да мурда бир желектин алдында жашаганбыз да.

ЖКдагы "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Айсулуу Мамашова:

Депутат ЖК Айсулуу Мамашова

— Россиянын футболчулары медалга жетсе жакшы болот эле. Россия биздин эң жакын өнөктөш болгондуктан дал ушул командага күйөрманмын.

Коомдук ишмер Аскар Салымбеков:

Основатель торгово-рыночного комплекса "Дордой" Аскар Салымбеков

— мен Аргентина утса экен деп жатам. Анткени футбол генийи Лионель Месси жете элек бир гана титул калды. Ал — дүйнө чемпиону. Аны утуп алса Месси анык легендага айланат.

"Азия MIX" командасынын капитаны Элдияр Кененсаров:

Участники команды КВН "Азия MIX" в Бишкеке

— 1990-жылдан бери Аргентинага күйөрманмын. Агезде Марадона ойноп жүрчү, азыр ал жакта Месси бар. Андан тышкары, Испания курама командасын жакшы көрөм. Ал эми фаворит эмес командалардын арасынан Египетти сүрөөнгө алам.

КРдин футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин:

Главный тренер сборной КР по футболу Александр Крестинин

— бул жолку чемпионаттын фавориттери немис футболчулары деп эсептейм. Бирок өзүм качан жана кандай мелдеш болбосун, ар дайым Россиянын курама командасына күйөрманмын.

Ырчы Кайрат Примбердиев:

Кыргызский исполнитель Кайрат Примбердиев

— Германиянын курама командасы чемпионатты жеңип кетишин каалайм. Немистердин абдан ынтымактуу ойногону жагат.

"Азия MIX" командысынын мүчөсү, алып баруучу Ростислав Ященко:

Резидент "Азии Mix" Ростислав Ященко

— Исландия курама командасы Европа чемпионатында менин жүрөгүмдү багындырып алган. Элинин саны Нарын облусунукунан аз болгонуна карабай, жарым финалга чыгып, өзүнүн урааны менен дүйнөнү багындырган. Чыныгы баатырлар!

Кыргызстандын футбол курама командасынын капитаны Азамат Байматов:

Капитан сборной КР по футболу Азамат Байматов

— Испания курама командасынын күйөрманымын. Алардын оюнун абдан жактырчумун, эми Диего Костадай көрүнүктүү чабуулчу келгенде оюн канчалык өзгөрөрүнө кызыгып жатам.