БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Борбор калаада Toyota Allion менен Honda Accord унаалары кагышып, анны кесепетинен айдоочу кыз жабыркады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине окуяга күбө болгон адам билдирип, кырсыктын сүрөттөрүн салган.
Анын айтымында, окуя шаршемби күнү болжол менен 8.35терде Сүйүмбаев менен Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
"Toyota Allion Сүйүмбаев көчөсү менен түндүк тарапты көздөй бараткан. Жумабек көчөсү менен кесилишкен жерге келгенде кыз айдап келе жаткан Honda Accord менен кагышып кетти", — деди ал.
Toyota унаасынын ичинде чоң атасы, чоң энеси жана беш жаштагы небере кызы болгон. Кырсык болгон жерге дарыгерлер келип, Honda унаасын айдаган кызды ооруканага алып кетишкен.
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы окуя болгонун тастыктап, жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатканын айтты. Материалдардын баары тергөөгө жөнөтүлмөкчү.