Баткенде сел жүрүп, үч айыл жабыркады. Сүрөттөр

Азыркы учурда райондук Жарандык коргонуу комссиясы Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарында тактоо иш-чараларын жүргүзүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Катуу жааган жаандын кесепетинен Баткендин Ак-Татыр, Самаркандек жана Ак-Сай айылдарында сел жүргөнүн ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 12-июнь күнү саат 18.30дарда болгон. Жарандык коргонуу комиссиясынын тактоосу боюнча сел суулары Ак-Сай айыл аймагынын Керме-Тоо айылында 45 турак үйдүн огородун, 30 курулуш чарбасын, 300 метр ички чарбалык унаа жолду, 500 метр ички чарбалык арыктарды каптап, 1,5 чакырымга созулган дамбаны бузган.

1 / 4
Катуу жааган жаандын кесепетинен Баткендин Ак-Татыр, Самаркандек жана Ак-Сай айылдарында сел жүргөн
2 / 4
Маалыматка ылайык, кырсык 12-июнь күнү саат 18.30дарда болгон.
3 / 4
Жарандык коргонуу комиссиясынын тактоосу боюнча сел суулары Ак-Сай айыл аймагынын Керме-Тоо айылында 45 турак үйдүн огородун, 30 курулуш чарбасын, 300 метр ички чарбалык унаа жолду, 500 метр ички чарбалык арыктарды каптап, 1,5 чакырымга созулган дамбаны бузган.
4 / 4
Азыркы учурда райондук Жарандык коргонуу комссиясы Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарында тактоо иш-чараларын жүргүзүүдө.

Азыркы учурда райондук Жарандык коргонуу комссиясы Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарында тактоо иш-чараларын жүргүзүүдө.

Кошумча маалымат берилет.