БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Ажыга барчуларды эмдөө 18-июндан 29-июнга чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.
"Зыяратчыларды эмдөө пунктулары өлкө аймагындагы бардык облустардын ооруну алдын алуу борборлорунда жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыктарында жүргүзүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Быйыл Сауд Аравиясы Кыргызстан үчүн 5400 квота бөлгөн. Ал эми муфтият ажылыктын баасы 2890 долларды түзгөнүн билдирген.
Ал эми ажыларды Flaynas авиакомпаниясы ташыйт.