Экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиев да УКМКдан суралып чыкты

ТЭЦти модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча камакка алынган аткаминерлердин саны 10го чукулдады.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында суралып чыкканын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы тастыктады.

Билдирүүгө ылайык, Сатыбалдиев УКМКга күбө катары чакырылган.

Эскерте кетсек, аталган кылмыш иштин алкагында камакка алынган аткаминерлердин саны 10го чукулдады.

13-июнь күнү аталган комитетке күбө катары Сатыбалдиевге чейин экс-премьер Темир Сариев да сурак берип чыккан.