Жээнбеков футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын ачылыш аземине катышат

Өлкө башчыны Москвага РФ президенти Владимир Путин чакырган.
Sputnik

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков үстүбүздөгү жылдын 14-июнунда Россияга иш сапар менен бара турганын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө караганда мамлекеттин жетекчиси Москва шаарына РФ президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен бармакчы.

"Сапардын алкагында Жээнбеков Москвада 14-июнда футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын ачылыш аземине катышат", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, КР президентинин россиялык кесиптеши менен эки тараптуу жолугушуусу пландалган.