Канада премьеринин "түшүп калган" кашы соцтармакты күлкүгө салды

Интернет колдонуучулар Жастин Трюдонун G7 саммитинде сүйлөп жатканда "түшүп калган" кашына көңүл бурушкан.
Sputnik

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Социалдык тармакта Канаданын премьер-министри Жастин Трюдонун сүйлөп жатканда "түшүп калган" кашы аябай талкуу жаратканын The Daily Mail басылмасы жазды.

Трюдонун G7 саммитинде сүйлөп жатканда сол кашы жылмышып түшүп кеткен. Маалымат жыйын учурунда тартылган видео тездик менен интернетке жайылып, көпчүлүк колдонуучулар Трюдо жасалма каш тагынат деп шектеништи.

"Жастин Трюдо Дональд Трамптын жасалма кашка кошумча нарк салыгын киргизерин угуп маанайы чөктү", — деген пикирин Рос МакКулох аттуу жаран жазды.

​"ЧУКУЛ КАБАР: Канаданын атчан полициясы Жастин Трюдонун жоголуп кеткен кашын издеп жатат. Кашка жакын жолобогула, ал куралданган болушу мүмкүн", — деп жазды Ли Странахаб.

​Ал ортодо Twitter баракчасында Канаданын премьеринин кашына арналган атайын аккаунт пайда болду.

BuzzFeed басылмасынын журналисттери маалымат жыйын учурунда жарык жакшы берилбегендиктен оптикалык иллюзия пайда болгонун аныкташкан.