БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Ош шаарынын борбордук базарында өрткө каршы атайын машыгуулар болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы жеринен билдирди.
Иш-чарага Оштун вице-мэри Шакир Зулимов, мэриянын аппаратынын кызматкерлери, базар администрациясынын жетекчилери, өрткө каршы кызмат жана көзөмөл органдары катышкан.
Машыгуу учурунда атайын техника буга чейин өрт коопсуздугун сактоо үчүн кеңейтилген өтмөктөрдү аралаган. Жолдорду кеңейтүү үчүн контейнерлердин эшигин ичкери жабыла тургандай орнотулуп, кээ бирлерине жалюзи тагылган.
Борбордук базардагы жолдун узундугу жалпысынан 1300 метрге жетет.