Молдовановка колониясындагылар талабынан баш тартып, тамак иче баштады

Эркинен ажырагандар аларды кармоо режимин өзгөртүүнү талап кылып, ачкачылык жарыялаган
Sputnik

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү колониясындагы эркинен ажырагандар жарыялаган нааразылыгынан жана буга чейин койгон талаптарынан баш тартты. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

Жума күнү, аталган колониядан 59 киши ачкачылык жарыялап, алардын ичинен 10у оозун тигип алган.

Эркинен ажырагандар аларды кармоо режимин өзгөртүүнү талап кылган (камерадан лагердикке). Ошондой эле камеранын шарты менен мекеменин айрым кызматкерлерине арызданган. 

"Бүгүн болжол менен саат 21.15 чамасында алар кармаган ачкачылыктан баш тартып, тамак иче башташты. Биздин психологдор алар менен иш алып барууда", — деп айтышты Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан.

Ведомстводон камалгандардын ден соолугу канаттандырарлык абалда экендигин кошумчалашты.