Кыргызстанда таштанды ыргытууга канча айып пул каралган

Административдик кодекстинде айыптын көлөмү так жазылган.
Sputnik

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Кыргызстанда таштандыны ой келди ыргыткан кишилер 2 миң сомго чейин, юридикалык жактар 10 миң сомго чейин айып төлөйт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясынын жетекчи орун басары Арсен Аилчиев билдирди.

Ал тийиштүү нормалар Административдик кодексте жазылганын айтты. Мамлекеттик кызматта иштеген кишилер юридикалык жактарга теңдештирилгендиктен 10 миң сом айып төлөй турганын кошумчалады. Эгер алар экинчи жолу эреже бузса 20 миң сом айыпка жыгылат.