КТРКнын үч каналы футбол чемпионатын түз эфирден көрсөтөт

Оюндарды КТРКнын карамагындагы үч телеканалдан көрүүгө болот.
Sputnik

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Коомдук телерадиоберүү корпорациясы Россияда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпионатын түз эфирден көрсөтөт. Бул туурасында телеканалдын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, оюндарды КТРКнын карамагындагы үч телеканалдан көрүүгө болот.

"Коомдук телерадиоберүү корпорациясы бул ири спорттук саамалыкты көрсөтүүгө укук алды. "КТРК СПОРТ" каналы Дүйнө чемпионатынын алкагында өтө турган 64 беттештин баарын тең көрсөтөт. Ал эми 25-июндан тарта "КТРК" жана "Маданият.Тарых.Тил." каналдары бир убакытта өткөн оюндарды түз алып көрсөтө баштайт", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Футбол чемпионаты 14-июндан 15-июлга чейин Россиянын 11 шаарында (Москва, Санкт-Петербург, Казань, Сочи, Нижний Новгород, Самара, Калининград, Екатеринбург, Саранск, Волгоград, Ростов-на-Дону) өтөт.