Ким Чен Ын менен Дональд Трамп акыры Сингапурда жолугушту

Түндүк Корея ракета-ядердик куралын тынымсыз сыноого алып жаткан кезде АКШ менен болгон мамилеси жарга такалган.
Sputnik

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен АКШ президенти Дональд Трамп Сингапурда эки өлкөнүн тарыхта биринчи жолу болуп жаткан саммитинде жолугушту. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Жолугушуу шейшемби күнү эртең менен Сентос курорттук аралында өттү. Алгач экөө камералардын алдында жылмайып, бири-биринин колун кысты.

"Бул мен үчүн сыймык. Биздин мамилелер эң сонун болот, мындан күмөн санабайм. Сүйлөшүүлөр дагы ийгиликтүү аяктайт деп ишенем", — деди Трамп.

Ким Чен Ын өз кезегинде тараптар Пхеньян менен Вашингтондун ортосундагы пикир келишпестиктерди жеңе аларынан үмүттөнөрүн айтты.

"Өткөн-кеткен окуялар бутубуздан тушап турганына карабай, бүгүн ушул жерге чогулууга кудуретибиз жетти", — деди Түндүк Корея лидери.

Тар чөйрөдөгү жолугушуу протоколдо айтылгандай эле 45 мүнөткө созулду. Андан чыккан соң Трамп сүйлөшүүлөр жакшы өткөнүн айтып, Ким Чен Ын менен мамилесин "эң сонун" деп баалады.

G7 лидерлери саммиттен кийин акыйнек айтышып калганда...
Ал эми Ким Чен Ын Трамп менен кызматташууга кызыкдар экенин айтканы менен журналисттердин өзөктүк куралдан баш тартуу боюнча суроолоруна жооп берген жок.

Эске салсак, Түндүк Корея ракета-өзөктүк куралын тынымсыз сыноого алып жаткан кезде АКШ менен мамилеси жарга такалган. Бирок Пхеньян абалды жөнгө салууга даярдыгын жар салып, ошондон улам тараптар президенттердин деңгээлиндеги жолугушууга кам көрө баштаган.

АКШ менен Түндүк Корея 1950-1953-жылдардагы аскердик конфликтиден бери мамилесин оңдой алган эмес. Пхеньяндын тынчтык келишимин түзүүгө аракет кылганына карабай, Америка Түштүк Кореяда 28 миң аскерин кармап келет.