БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Аламүдүн районунда өгөй апасы тарабынан сабалган сегиз жаштагы кыз учурда таякесинин кароосунда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Аламүдүн райондук Социалдык коргоо башкармалыгынын үй-бүлөнү коргоо бөлүмүнөн билдиришти.
Ал эми кошуналары болсо кыштын ызгаардуу суугунда сегиз жаштагы кыз тапичкечен кир жууганын көрүшкөнүн айтышкан.
"Кордук көргөн кыз учурда өзүнүн 10 жаштагы байкеси экөө таякесинин кароосунда. Ал балдарды багып алгысы келип жатканын билдирди. Бул кишинин жашоо шарты текшерилгенден кийин камкордукка алган органдар тарабынан балдар таякесине соттун чечими чыга электе эле берилген", — деп бөлүмдөн билдиришти.
Балдардын өз энеси дагы бир тууганынын багып алуусуна каршы эместигин айткан. Учурда соттук процесстин датасы белгилене элек.