Трамп менен Ким Чен Ын жыйынтыктоочу документке кол коюшту

Кол коюу салтанаты Сентос аралында жайгашкан отелде өттү.
Sputnik

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Сингапурдагы жолугушуудан кийин шейшемби, 12-июнь күнү, жыйынтыктоочу документке кол коюшту. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты. 

Документке кол коюу аземи Сингапурдагы Сентос аралында жайгашкан "Капелла" отелинде өткөн. Трамп менен Ким Чен Ынга столдун үстүнө авторучкалар коюлган.

Трамп Түндүк Кореяга киргизилген санкцияларды токтотту
Алардын артында эки өлкөнүн желектери илинип турат.

Кол коюлган документке ылайык, Трамп Түндүк Кореяга коопсуздук кепилдигин берди. Ал эми Ким Чен Ын Корея жарым аралын толугу менен денуклеризациялоого ыктап атканын билдирген. 

Кол коюу учурунда Түндүк Кореянын лидери кабыл алынган документ тарыхый мааниге ээ экенине токтолгон. 

"Биз чоң өзгөрүүлөргө күбө болобуз", — деди ал. 

Дональд Трамп өз учурунда саммиттин жыйынтыктары менен сыймыктана турганын айтып, Түндүк Корея менен болгон мамиле мурдагыга салыштырмалуу башка нукка өзгөргөнүн кошумчалады.