Жээнбеков улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жакындары менен жолугушту

Президент Айтматовдун үй-музейиндеги эскерүү китебине жазуу калтырып, улуу залкардын жакындары менен сүрөткө түштү.
Sputnik

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-июнда, улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовду эскерүү үчүн анын үй-музейине барып, жазуучунун жакындары менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Мамлекеттик ишмер жана жазуучунун элесине багышталып куран окулду.

1 / 8
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-июнда, улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовду эскерүү үчүн анын үй-музейине барып, жазуучунун жакындары менен жолугушту.
2 / 8
Мамлекеттик ишмер жана жазуучунун элесине багышталып куран окулду.
3 / 8
Жазуучунун жубайы Мария Айтматова президент Кытайга болгон мамлекеттик сапарынан келип, алардын үй-бүлөсүнөн кабар алганы үчүн ыраазычылык билдирди.
4 / 8
Жээнбеков Айтматовдун Кыргызстандын тарыхындагы ролу жана орду өзгөчө экенин, ал ар дайым өз өлкөсүнө жана элине кызмат кылганын белгиледи.
5 / 8
Мария Айтматова жана жазуучунун уулу Элдар Айтматов мамлекет башчысына залкардын музейин, анын кол жазмаларын көрсөтүштү.
6 / 8
Алар биргеликте жазуучунун чыгармачылыгы жөнүндө баарлашканы айтылат.
7 / 8
Президент Айтматовдун үй-музейиндеги эскерүү китебине жазуу калтырып, улуу адамдын жакындары менен сүрөткө түштү.
8 / 8
Белгилей кетсек, атагы дүйнөгө тараган жазуучу Чыңгыз Айтматов 2008-жылы 10-июнда дүйнө салган.

Жазуучунун жубайы Мария Айтматова президент Кытайга болгон мамлекеттик сапарынан келип, алардын үй-бүлөсүнөн кабар алганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жээнбеков Айтматовдун Кыргызстандын тарыхындагы ролу жана орду өзгөчө экенин, ал ар дайым өз өлкөсүнө жана элине кызмат кылганын белгиледи.

"Кыргызды дүйнөгө "Манас", анан Чыңгыз Айтматов таанытты. Анын элесине таазим кылуу — менин адамдык милдетим", — деди президент.

Премьер-министр улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл койду. Видео
Мария Айтматова жана жазуучунун уулу Элдар Айтматов мамлекет башчысына залкардын музейин, анын кол жазмаларын көрсөтүштү. Алар биргеликте жазуучунун чыгармачылыгы жөнүндө баарлашканы айтылат.