"Чоң жетиликтин" чоңдорунун күлкү чакырган сүрөтү. РФ ТИМи пикирин билдирди

Ангела Меркель Дональд Трампты сүрдүү карап, экөөнү Европа мамлекеттеринин лидерлери тегеректеп турган сүрөт социалдык тармакта талкуу жаратты.
Sputnik

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Канадада өткөн "Чоң жетиликтин" саммитиндеги сүрөткө комментарий берди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

"Акыркы айларда фотожурналистика сырткы саясат боюнча жаңы бийиктиктерди багындыра баштады. Мисалы мен ушул сыяктуу жаңы сүрөттү көргөн сайын "албетте бул фотошоп, мындай болушу мүмкүн эмес" деп коем. Бирок кийин дал ушундай көрүнүш чын эле болгонун билип калам", — деди дипломат.

Путин үчүнчү дүйнөлүк согушту эмне ооздуктап турганын айтты
Анын айтымында, "Чоң жетиликке" кирген өлкөлөрдүн лидерлери жабык эшик артында эмне тууралуу сүйлөшкөнүн ушул сүрөттөн эле билип койсо болот.

Белгилей кетсек, буга чейин интернетте аталган саммитте тартылып алынган сүрөт талкуу жараткан. Анда Германия канцлери Ангела Меркель АКШ президенти Дональд Трампты сүрдүү карап, экөөнү Европа мамлекеттеринин лидерлери тегеректеп алган. Ал эми алардын ортосунда Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ турат. Сүрөттү Германиянын федералдык өкмөтүнүн сүрөтчүсү тартып алган.

АКШнын президенти Дональд Трамп "Чоң жетиликтин" саммитинде жыйынтыктоочу коммюникеге кол коюдан баш тарткан. Ал документте Россияны Сириянын бийлигин колдоодон жана "дестабилдештирүү аракеттерин" токтотууга чакырык камтылган болчу. Трамп ошондой эле "Чоң жетиликке" Россияны кошуу керектигин айтып, кесиптештерин аң-таң кылган. Трамп саммиттин аягына чейин катышпастан "Ким Чен Ын менен жолугушууга даярданам" деген жүйө менен Сингапурга учуп кеткен. Учурда ал кесиптештери тарабынан катуу сынга кабылууда.