Чөгүп кеткен "Титаник" кемесине экскурсия уюштурулат

"Титаникке" саякаттоонун баасы Blue Marble Private компаниясы менен 105 129 доллар болсо, The Bluefish компаниясы 59 680 долларга алып барат
Sputnik

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. 2019-жылы эки туристтик компания чөгүп кеткен "Титаник" кемесине экскурсия уюштурат.

Моя планета басылмасы билдиргендей, Британиялык Blue Marble Private жана The Bluefish компаниялары туристтерге чөгүп кеткен легендарлуу кеменин калдыктарын көрсөтүүгө даяр экенин жарыялашкан.

"Титаникке" саякаттоонун баасы Blue Marble Private компаниясы менен 105 129 доллар болсо, The Bluefish компаниясы 59 680 долларга алып барат.

"Титаниктин" жүргүнчүсү жазган кат аукционго коюлду
Экскурсия Ньюфаундленд жээгинен башталып 13 күнгө созулат. Анын ичинде алты күн суу алдына түшкөн аппаратта (батискаф) өтөт.

Океан изилдөөчүлөрү кеменин темир корпусун бактериялар жеп жаткандыктан, "Титаниктин" жоголуп кетүүсүнө 20 жылдан кем эмес гана убакыт калганын айтып эскертишүүдө.

Ал ортодо кытай компаниясы туристтер үчүн "Титаник" кемесинин көчүрмөсүн куруп жатат.

Британиянын "Титаник" кемеси жүргүнчүлөрдү ташыган дүйнөдөгү эң ири лайнер болуп саналган. 1912-жылдын 14-апрелинде кеме Нью-Йоркко бара жатып муз менен кагышып, 2 саат 40 мүнөттө океанга чөгүп кеткен. 1,5 миң адамдын өмүрүн алган деңиз алпынын чөгүшү дүйнө жүзүн дүңгүрөткөн.