Радио

Сайпиев: кедей-кембагалдын оозун ачыргандар көбүрөөк сооп алат

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Билали Ажы Сайпиев ооз ачырган адам орозо кармаган адам менен тең сооп аларын айтты.
Sputnik
Сайпиев: кедей-кембагалдын оозун ачыргандар көбүрөөк сооп алат

Ооз ачууга байларга караганда кедейлерди чакырган адам көбүрөөк сооп алат. Бул тууралуу Билали Ажы Сайпиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эгер ооз ачырган адамдын тааныштырынын баары бай болсо, бирок ал кедейлерди да кошуп чакырса анда эки эсе көп соопко ээ болот.

"Эң жакшы ооз ачуу — колунда жокторду тамактандырып, алардын колу тийген тамак. Байларга караганда кедейлердин оозун ачырган киши көбүрөөк сооп алат. Ал эми жалаң байларды ооз ачууга чакыруу жакшы эмес деп айтылат. Анткени аларды көпчүлүк бир максатты көздөп чакырат экен. Эгер адам чын эле өзү да, тааныштары да бай болуп, бирок ал кедейлерди да кошуп коноктой турган болсо, анда ал башкаларга караганда эки эсе көп соопко ээ болот", — деди Сайпиев.

Ал негизи ифтарда бай-кедей деп бөлүү туура эмес экенин кошумчалады.